Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Таш-Көмүр мэри окуучу менен болгон кырсыкка түшүндүрмө берди


Таш-Көмүр мэриясынын кире бериши
Таш-Көмүр мэриясынын кире бериши

Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабатаев "шаар башчы мектеп окуучусун машинеси менен коюп кетти" деген маалыматты четке какты. Бирок 9 жаштагы бала анын машинесинин дөңгөлөгүнө урунуп, бутунан жаракат алганын "Азаттык" радиосуна бышыктады:

- Ал баланы мен машине менен коюп кеткен эмесмин. Унаа тебелеген жок. Мен жолдо машинемди айдап баратсам, баланын шериги аны түртүп жиберип, арткы дөңгөлөккө урулган. 3-класста окуган 9 жаштагы бала.

Бабатаев жабыркаган окуучунун бир бутуна жарака кетип, азыр гипс менен үйүндө экенин, чыгымдарын көтөрүп бергенин билдирди.

Окуя 23-ноябрда калаа башчысы өзүнүн менчик унаасында бараткан учурда болгон.

Буга чейин мэр мектеп окуучусун унаа менен сүзүп кеткени тууралуу маалыматтар чыккан эле.

XS
SM
MD
LG