Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Германиядагы Алвин айылы аукциондо 140 миң еврого сатылды


Берлин менен Бранденбург аймагын байланыштырган көпүрө
Берлин менен Бранденбург аймагын байланыштырган көпүрө

Германиянын Бранденбург аймагындагы чакан айыл аукциондо 140 миң еврого сатылды. Берлиндеги Кархаузен аукцион үйү 9-декабрда билдиргендей, соодаланган Алвин кыштагында 20 адам жашайт.

Айылды аты-жөнүн айтууну каалабаган, телефондон байланышкан адам сатып алды.

Аталган калктуу конуш Берлинден 100 километр алыста. Кыштакта дүкөн жок. Шаарга автобус каттайт. Аянты 16 миң квадрат метр. Тогуз үй, 10 чарба имараттары бар.

2001-жылы Алвин айылын эки ага-ини символикалык наркка - бир маркага сатып алышкан. Алардын бири көз жумган.

1990-жылы кыштак көмүр казган ишканага таандык болгон. 1991-жылы ал ишкана жабылган.

XS
SM
MD
LG