Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:34

Кыргызстанга киргизилбеген Риклтон Дубайга депортацияланды


Франсс Пресс агенттигинин кабарчысы, британиялык журналист Крис Риклтон 9-декабрда Кыргызстандын чек арасынан киргизилбей Дубайга кайра депортацияланганын "Азаттыкка" анын кесиптеши Толкун Наматбаева билдирди. Дубайдан Риклтон Казакстандагы Франсс Пресстин кеңсесине барууну пландап жатат. Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген британиялык Крис Риклтон Кыргызстанга кире албай калганын 9-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Риклтон Кыргызстандын жаранына үйлөнгөнүн, кызы бар экенин, кыргыз бийлиги аны өлкөгө киргизет деп үмүт артарын айткан. Ал Фейсбуктагы кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон.

Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде окутуучу болуп эмгектенет. 2015-жылдан бери Франс Пресс агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарын активдүү чагылдырган.

Британиянын жараны Крис Риклтон буга чейин виза режимин бузганы үчүн Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. (BCh)

XS
SM
MD
LG