Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Киевде Саакашвилиге боштондук, Порошенкого импичмент талап кылган жүрүш өтүүдө


Украинанын баш калаасында Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилини колдогон, мамлекет башчы Порошенкого импичмент талап кылган жүрүш өтүүдө. Жекшембиде Тарас Шевченко сейил багындагы акцияга бир канча миң адам чогулганын "Интерфакс-Украина" кабарлады.

Алар колдоруна саясатчынын камактан бошотууну талап кылган жазууларды, Украинанын желегин жана Саакашвили лидерлик кылган “Жаңы күчтөрдүн руху” деген саясий партиянын байрагын көтөрүп алышты.

Киевдеги митинг. 10-декабрь, 2017-жыл
Киевдеги митинг. 10-декабрь, 2017-жыл

Митингден соң чогулган эл Владимирск көчөсүндө жүрүш жасашты. Чогулгандардын башында Саакашвилинин жубайы Сандра Рулофс болду.

8-декабрда камакка алынган Михаил Саакашвили мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган. Ал камакта отурган жеринен адвокаты аркылуу жекшемби күнү Украина президентине импичмент жарыялоо талабы менен акцияга чыгууга чакырык жасаган.

Андан мурдараак күч органдары аны кармаганда тарапташтары бошотуп кетишкен.

Саакашвили "кылмыш кылууга аракеттенген, адамдардын тобу менен кылмыштуу иштерге атайлап катышкан, кылмыштуу уюмга жардам берген жана анын кылмыш иштерин жашырган" деп айыпталып жатат.

Президент Петро Порошенко 2015-жылы Саакашвилини Одесса облусунун губернатору кылып дайындаганда ага украин жарандыгын берип, бирок өзүнө каршы чыккандан кийин быйыл жарандыктан ажыратып салган.

XS
SM
MD
LG