Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

“Таза коом” долбоорунун ишке ашырылышы талкууланат


Бүгүн, 11-декабрда Бишкекте “Таза коом” программасынын алкагында эл аралык конференция өтөт. Иш-чара Кыргызстандагы санариптик өкмөттүн, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун келечегине арналат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу кабарлады.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG