Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Парламент Орто-Токойду Өзбекстан менен чогуу пайдалануу маселесин карайт


Ушул аптада Жогорку Кеңеш Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен кошо пайдаланууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо маселесин карайт. Анын жол-жобосу туурасында айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Орто-Токой суу сактагычын чогуу пайдалануу боюнча макулдашууга быйыл 6-октябрда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлган. Ага ылайык, Орто-Токой суу сактагычын кайтаруу, иштетүү жана башкаруу толугу менен Кыргызстанга өткөн. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алган.

Буга чейин аталган суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, ага ээлик кылуунун шарттары 25 жылдан бери чечилбей келген болчу.

2016-жылы суу сактагычты кайтаруу боюнча эки тараптын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал өзбекстандык бир милиционердин кыргызстандык чек арачылар тарабынан кармалышына чейин жеткен. Өзбек милиционери он күндөн кийин өзбекстандык чек арачыларга өткөрүлүп берилген.

Көп өтпөй Өзбекстандын милиция кызматкерлери тик учак менен келип, Кыргызстандын аймагындагы Үңкүр-Тоо телемунарасынан радиорелейлик станциянын төрт кызматкерин кармап кеткен. Бир айга жакын убакыт Өзбекстандын Наманган облустук милициясында кармалып турган төрт кыргызстандык жарандын бошотулушу Ислам Каримовдун өмүрүнүн акыркы күндөрүнө туш келген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасы Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин оңоло баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG