Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун жаркын элеси эскерилет


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

12-декабрда Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту уюштурган жыйынга окумуштуулар, илимий кызматкерлер, изденүүчүлөр чакырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматовдун китептеринин көргөзмөсү уюштурулат. Мындан тышкары Чыӊгыз Айтматовдун адамзат рухун тазартуучулук, байытуучулук касиетке ээ болгон көркөм жана публицистикалык чыгармаларын окуп-үйрөнүү, тереӊдетип изилдөө тууралуу баяндамалар окулат.

Соңунда катышуучулар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине, ошондой эле жазуучунун үй-музейине барып, Айтматовду эскеришет.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында төрөлгөн. 2008-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган. (NT)

XS
SM
MD
LG