Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Кубанычбек Кулматов Бажы кызматын жетектейт


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Исаков бүгүн журналисттерге Кулматовду бул кызматка дайындоо боюнча президент менен кеңешип, ал макулдугун бергенин билдирди.

Кулматов Бажы кызматына ушуну менен экинчи ирет жетекчи болуп дайындалууда. Ал быйыл сентябрдан бери Улуттук банкты жетектеп келе жаткан. Ага чейин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп иштечү.

2010-2013-жылдарда Бажы кызматын башкарган, 2014-2016-жылдары Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри кызматтарын аркалаган. (NT)

XS
SM
MD
LG