Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Муфтий Чубак Жалилов боюнча кайрылуу таратты


Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Максатбек Токтомушев Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалилов боюнча кайрылуу таратты. Анда муфтий элди ынтымакка, улууларды урматтоого, кичүүлөрдү сыйлоого, аалымдарды кадырлоого чакырган.

"Ар бир инсан өзүнүн кылган иши үчүн Алла Тааланын алдында суралып, эсебин берет. Ыйык Куранда белгилүү шарттар менен муктаждык болгон учурда көп үй-бүлө күтүүгө уруксат берилген. Ошондуктан биздин кадырлуу, бүгүнкү күндө кыргыз журтчулугу үчүн диний жаатта кызмат кылып келе жаткан аалымыбыз Чубак ажы Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок. Ал эми ал кишинин үй-бүлөлүк маселесин тиешелүү органдар териштирип жатат", - деп жазылган муфтият тараткан маалыматта.

9-декабрда Чубак Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилова жолдошунун үстүнөн милицияга арыз жазган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов Жалиловдун үстүнөн түшкөн арыз каралып жатканын, кылмыш иши козголо электигин "Азаттык" радиосуна билдирди. Милиция экс-муфтийдин жубайы "Сезим" кризистик борборуна арызданганын да ырастады.

Диний ишмер Чубак Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилова жардам сурап "Сезим" кризистик борборуна кайрылганы тууралуу маалымат Интернетке 8-декабрда тараган эле. Арыз ээси "өзүн жана балдарын жолдошунан коргоону" суранган, өмүрлүк жары аларды дайыма коркутуп келгенин, андыктан чогуу жашаганды каалабай турганын жазган. "Сезим" кризистик борбору бул боюнча кайрылуу жасап, арыз жөнүндө журналисттерге да, күч органдарына эч кандай маалымат берилбегенин, тарап кеткен катка борбордун тиешеси жок экенин билдирген.

Чубак Жалилов жана анын жубайы азырынча бул окуялар жөнүндө комментарий бере элек.

Чубак Жалилов ноябрдын соңунда экинчи аял алганын жарыялаган. Бишкек шаардык милициясы диний ишмерди суракка алганы расмий кабарланып, Чубак Жалилов "биринчи аялы расмий, экинчиси сүйүктүүсү" экенин билдиргени маалымдалган.

42 жаштагы Чубак Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий болуп эмгектенген. Таасирлүү диний ишмерлердин бири. (NT)

XS
SM
MD
LG