Линктер

ишемби, 21-апрель, 2018 Бишкек убактысы 01:51

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсык төрт кишинин өмүрүн алды


Кырсык болгон жер. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык.

Жол кырсыгы бүгүн Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 38-чакырымында Токмок шаарынын жанында болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, "Тойота Авенсис" үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып, "Рахат" кафесинин жанындагы көлмөгө түшүп кеткен.

Куткаруучулар кырсык болгон жерге саат 13:35те барып, машинеден төрт кишинин сөөгүн алып чыгышкан. Маркумдардын аты-жөнү такталууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG