Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Алты күндө мас абалында рулга отурган 199 айдоочу аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймыл коопсуздугунун кызматкерлери 4-10-декабрда “Рулдамын” аттуу рейд өткөрүштү. Ички иштер министрлиги билдиргендей, рейд мас айдоочулардын жол кырсыктарына кабылышынын алдын алуу максатында Кыргызстан боюнча жүргүзүлүп жатат.

Иш-чара маалында алты күн ичинде мас абалда рулга отурган 199, ылдамдык эрежелерин сактабаган 1006, жол чырактын белгилерине баш ийбеген 466, автоунааны техникалык кароодон өткөрбөгөн 228, жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 2059, күбөлүгү жок машине айдаган 210 айдоочу аныкталып, 522 айдоочунун автоунаасы айып жайына токтотулду.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча мас абалында автоунаа башкаргандар айдоочулук күбөлүктөн ажыратылууга тийиш.

XS
SM
MD
LG