Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 08:04

Президенттин администрациясында кадрлар алмашты


Президент Сооронбай Жээнбеков өз администрациясында бир катар кадрдык чечимдерди кабыл алды. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, Элвира Сариева берген арызынын негизинде президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлыгынан бошотулду. Анын ордуна Алмамбет Салиев дайындалды. Мындан сырткары, президент Асылбек Кожобековду өзүнө кеңешчи кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG