Бүгүн Бишкекте жарандык активисттер өлкөдөгү чек ара, кен байлыктардын абалы, сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча жыйын өткөрөт. Соңунда бул маселелерди чечүү боюнча талаптар коюлган кайрылуу президент Сооронбай Жээнбековго тапшырылат.
Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Самат Алиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Мындан тышкары, мамлекет башчыга чуулгандуу кылмыштардын бетин ачууну өз көзөмөлүнө алуу, коррупцияга каршы күрөштүү улантуу боюнча коюлган талаптар бар.
Өткөн аптада Кыргызстандагы бир катар жарандык коом өкүлдөрү мурдагы "Zanoza.kg" сайтына жана бир катар журналисттерге салынган доо боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын жана премьер-министр Сапар Исаковдун дарегине кайрылуу жиберишкен.
30дан ашуун коомдук уюм, кыймыл өкүлдөрү кол койгон кайрылууда Жогорку Сот "журналисттерге карата мыйзамсыз чечим чыгарганына жана бул чечимди дароо аткаруу боюнча аракеттер башталганына" көңүл бурган.
Жогорку Сот 30-ноябрда Zanoza.kg сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага жана "Ата Мекен" партиясынын юристтерине байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган эле. (КЕ)