Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

"Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" фестивалы башталат


Кыска метраждуу тасмалардын мурдагы сынагы, 15-декабрь, 2012-жыл.
Кыска метраждуу тасмалардын мурдагы сынагы, 15-декабрь, 2012-жыл.

Бүгүн Бишкектеги “Манас” кинотеатрында "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" деп аталган эл аралык VII фестивал башталат. “Айтыш фильмдин” басма сөз катчысы Чолпон Идирисованын “Азаттык” радиосуна берген маалыматы боюнча, улуттук жана эл аралык сынактар программасы үчүн 29 тасма тандалып алынган. Алардын 15и кыргызстандык кинорежиссерлордун эмгектери. Калганын КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн киночулары тарткан.

Фестиваль кыргызстандык кинорежиссер Бекеш Абдылдаевдин “Почта” тасмасын көрсөтүү менен ачылат. 15-декабрга чейин уланчу иш-чаранын алкагында мастер-класстар өткөрүлөт. Жыйынтыгында “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинациялары боюнча тасмалар тандалып алынат. Калыстар тобунун курамына Орусия, Грузия, Казакстан, Армения жана Кыргызстандын кино адистери кирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG