Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Жээнбеков: Айтматовдун 90 жылдык мааракеси бүгүн башталат


Доорубуздун көркөм сөз чебери Чыңгыз Айтматов (1928 - 2008).
Доорубуздун көркөм сөз чебери Чыңгыз Айтматов (1928 - 2008).

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 2018-жылы белгилене турган 90 жылдык мааракеси бүгүн башталат. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 12-декабрь - Айтматовдун туулган күнүнө карата жолдогон кайрылуусунда айтты.

Мамлекет башчы белгилегендей, ойчул, гуманист жазуучу Айтматовдун чыгармалары “ички рухтун эркиндиги үчүн ар дайым күрөшкө чакырат.”

Залкар жазуучунун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык кыргызстандыктарды бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктаган президент: “Бул майрам - улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнөбүздүн майрамы!” деп белгиледи.

2011-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь Айтматовдун урматына Улуттук адабият күнү деп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG