Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Мигранттар быйыл которгон акча эки миллиард доллардан ашты 


Жыл башынан бери чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттар мекенине которгон акча эки миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 423 миллион доллар көп которулду.

Кыргызстанга тыштан которулган акчанын 90 пайызга жакыны Орусиядан келет.

Дүйнөлүк банк буга чейин чет жактагы мигранттар которгон каражат Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 30 пайызына барабар экенин билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG