Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:13

Тажикстандык миллионер карызы үчүн кармалды


Жамшед Абдулов.
Жамшед Абдулов.

Тажикстанда "Олими Каримзод" компаниясынын жетекчиси жана "Олим Текстайлз" фабрикасынын ээси Жамшед Абдулов кармалды. Ал банктан алган 15 миллион доллар насыяны төлөп берген эмес деп айыпталууда.

Абдуловдун кармалганын "Азаттыктын" тажик кызматына бир нече маалымат булагы тастыктаган. Бирок расмий кабар бериле элек.

Маалыматтарга караганда, ишкер тажик вице-премьери Давлатали Саид "Тоджпромбанктын" кардарлары менен жолуккандан кийин кармалган. Алар Абдулов баш болгон бир нече байлар банкка насыяларын төлөбөй, акчасын ала албай жатышканына даттанышкан.

"Олим-Текстайлз" фабрикасы 2010-жылы өлкө президентинин катышуусунда ачылган. Ишканага бир катар жеңилдиктер берилгени менен ал былтыр салык үчүн 19 миллион сомони (2 млн. долларга жакын) карыз болуп калган.

XS
SM
MD
LG