Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

ТИМ Орусияда кыргызстандык курсанттын өлүмүн тактап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги Кургандагы Федералдык коопсуздук кызматынын чек арачылар институтунда окуган кыргызстандык курсанттын өлүмү боюнча маалыматты такташ үчүн Орусиядагы элчиликке тапшырма берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Интернетте Курганда кыргызстандык курсант асынып алганы тууралуу маалымат тараган. Окуя 10-декабрда болгону, суицидге барган жигит Ысык-Көл облусунун 21 жаштагы тургуну экени жана Кургандагы институтта 4-курста окуп жүргөнү кабарланган. Анын өз жанын кыйышына сүйлөшкөн кызы менен урушуп кеткени болжолдуу себеп катары айтылган.

Кыргызстандын тиешелүү органдары бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын окуу жайларында кыргызстандыктар да билим алышат. Алар Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен түзүлгөн келишимге ылайык атайын квота менен барып окушат.

XS
SM
MD
LG