Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:19

ФСБ экстремизм боюнча шек менен борбор азиялыктарды кармады


Александр Бортников.
Александр Бортников.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Жаңы жыл майрамы жана келерки президенттик шайлоо учурунда теракт кылууну пландаган экстремисттик топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

ФСБнын жетекчиси Александр Бортников 12-декабрдагы жыйында алар борбор азиялыктар экенин жана жанкечти аркылуу террор жасамак болушканын белгиледи. Шектүүлөр 11-декабрда Москвага жакын жерден кармалган. Алардын санын атайын кызматтын жетекчиси тактаган жок.

- ФСБ кызматкерлери жарылма заттарды, атма куралдарды жана ок-дарыны конфискациялашкан. Ошондой эле террордук актыларды ишке ашырыш үчүн курал даярдоого ылайыкташкан лаборатория жок кылынды", - деди Бортников.

Орусиянын коопсуздук кызматы адатта майрамдын же башка бир маанилүү окуялардын алдында теракттын алдын алганын кабарлап турат.

XS
SM
MD
LG