Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

"Азаттыктын" кабарчысы Айтматов атындагы сыйлыктын номинанты болду


Руслан Калматов.
Руслан Калматов.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы Руслан Калматов "Журналистика жана телекөрсөтүү жаатында мыкты чыгарма" номинациясы боюнча Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын номинанты болду.

Сыйлык он бир номинация боюнча эки жылда бир жолу өкмөт тарабынан берилип турат. Лауреаттарга 100 миң сомдон акча жана төш белги тапшырылды. Ал эми номинанттарга өкмөт башчысынын диплому ыйгарылды. Сыйлыктарды бүгүн өкмөт башчысы Сапар Исаков тапшырды.

Руслан Калматов - "Азаттык" радиосунун Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Аны мамлекеттик сыйлыкка облустагы журналисттер көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG