Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Стамбулда Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды


Айкел жеке демөөрчүлөрдүн демилгеси менен орнотулду.
Айкел жеке демөөрчүлөрдүн демилгеси менен орнотулду.

Бүгүн Стамбул шаарынын Малтепе аймагында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылыш аземи болду.

Салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкерлери, жазуучунун уулу, мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Түркияда окуган кыргызстандык студенттер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жеке демөөрчүлөрдүн каражатына орнотулган айкелдин жалпы бийиктиги беш метр. Ага жазуучунун чыгармаларынын түркчө аталыштары жазылган.

Малтепе районунун мэриясы сейил бактан атайын жер тилкесин бөлүп берген.

Бул Айтматовдун Түркиядагы алгачкы айкели.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялаган. Бүгүнкү күндө Айтматовдун түрк тилине которулган романдары Түркиянын Билим берүү министрлигинин окуу планына киргизилип, мектептерде адабият сабагында окутулат.

12-декабрь - Айтматовдун туулган күнү. (ElB)

XS
SM
MD
LG