Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:18

Казакстан: 700дөй кенчи жер алдынан чыга элек


"АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын логотиби.

Казакстандын Караганды облусунда талаптарды коюп, шахтада отурган кенчилер дагы эле сыртка чыга элек. "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы алар менен сүйлөшүү уланып жатканын 12-декабрда билдирди.

"Учурда шахтадагылар ысык тамак, кургак чулгоо жана лампа менен камсыздалды. Мындан тышкары медициналык жардам көрсөтүлчү пункт да күнү-түнү иштөөдө".

Аларга туугандары да тамак-аш, кийим-кече алып келишүүдө.

Бул металлургиялык компаниянын 684 шахтеру 11-декабрдын таңынан тарта иш таштаган. Негизинен эмгек акыны 100% көтөрүүнү, пенсияга 50 жаштан чыгарууну, жумуш шарттарын жакшыртууну талап кылышууда.

Учурда компания, бийлик жана шахтерлордун өкүлдөрүнөн турган топ бул талаптар боюнча сүйлөшүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG