Сингапур Улуттук университетинин адистери скат балыгы сыяктуу сууда сүзгөн робот жасашты. Мындай ыкма суу алдындагы агымдарды кыйгап өтүүгө өбөлгө түзөт.
"Манта-Дроид" деп аталган скат-робот ары бери бурулуу үчүн эки куйругуна орнотулган кош моторду гана пайдаланат. Аны жасоонун алдында инженерлер тирүү скаттардын суудагы кыймыл-аракеттерине көпкө чейин байкоо салышкан.
Жабдык бир катар практикалык тапшырмаларды аткарууга кудуреттүү. Мисалы, аны деңиз, океан түбүнүн картографиясынан баштап аскердик чалгындоо иштеринде колдонсо болот.