Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Австриядагы газ хабынын жарылышы Европага түйшүк жаратты


жарылуу болгон аймак
жарылуу болгон аймак

Австриядагы ири газ хабындагы жарылуунун кесепетинен Европа өлкөлөрүнө көгүлтүр отту, анын ичинде Орусияныкын жеткирүү чектелди.

Баумгартен шаарындагы 12-декабрдын таңындагы кырсыктан бир адам өлүп, 18и жаракат алышкан эле.

Gas Connect Austria компаниясы өрттү өчүрүшкөнүн билдиришти. Полиция алдын ала маалыматка таянып, кырсык техникалык мүчүлүштүктөн улам болгон деп айтууда.

Жаратылыш газы адегенде ири түйүндөрдүн бири Баумгартендеги хабга жеткирилип, андан ары Европа өлкөлөрүнө бөлүштүрүлөт. Мындагы жарылууга байланыштуу Европанын түштүк ыптасындагы өлкөлөргө газ өткөрүү убактылуу токтоду. Италия өзгөчө кырдаал жарыялап, энергетикалык кыйынчылыктар жаралганын маалымдады.

Орусиялык "Газпром" газды башка куурлар аркылуу жеткирүүнү көздөп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG