Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Парламент төраганын орун басарын шайлайт


Бүгүн Жогорку Кеңеш спикердин орун басарын шайлайт. 12-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети вице-спикерлик орунга оппозициялык фракциялардын талапкерлерин караган.

Комитеттин мүчөсү Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, бул орунга ар бир фракция бирден талапкер көрсөткөн. Алар: “Ата Мекен” фракциясынан Сайдулла Нышанов, “Өнүгүү-Прогресстен” Мирлан Бакиров, “Республика – Ата-Журттун” мүчөсү Курманкул Зулушев.

Буга чейин аталган комитеттин дагы бир мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов “Өнүгүү-Прогресстен” Бакиров менен бирге Тазабек Икрамов да көрсөтүлүп жатканын айткан.

6-декабрда буга чейинки вице-спикер Алтынай Өмүрбекова кызматынан өз каалоосу менен кеткенин жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG