Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Еврокеңеш Орусияга каршы санкцияны узартат


Еврокеңештин лидерлери бейшемби күнү Орусияга карата Крымды аннексиялаганы жана Украинанын чыгышындагы козголоңчуларды колдогону үчүн санкцияны дагы жарым жылга узартуу тууралуу чечимди бекитет. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги Брюсселдеги дипломаттардин сөзүнө таянуу менен жазды.

Орусиянын энергетика, коопсуздук жана финансылык тармактарына киргизилген негизги санкциялардын мөөнөтү 2018-жылдын январында бүтүшү керек болчу. Эми Еврокеңештин лидерлери бул мөөнөттү келерки жылдын ортосуна чейин узартышы күтүлүүдө.

Расмий Москва 2014-жылы аннексиялап алган Крымды кайтарып бербей турганын айтып жатат. Батыш өлкөлөрү дагы бул үчүн Орусияны айыптап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG