Орусия Санадагы кырдаал кооптуу болгонуна байланыштуу Йемендеги дипломатиялык ишмердүүлүгүн токтото турууну чечти. Элчи жана элчиликтин айрым кызматкерлери өз вазийпасын Эр-Риядда туруп аткара берет. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова билдирди деп жазды ТАСС агенттиги.
Буга чейин Орусиянын Йемендеги элчилиги абадан сокку элчиликке жакын аймактарга жасалып, кызматкерлердин коопсуздугуна кооптонуп жатканын билдирген.
Иран колдойт деген хусит согушкерлери Йемендин борбору Сана шаарын 2014-жылдан бери ээлеп турат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт. Ошондон берки куралдуу кагылыштарда бул өлкөдө 10 миңге жакын адам каза болгон. (КЕ)