Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мурдагы аппарат жетекчиси, маркум Абдыкерим Гапаровдун жакындары Бишкектин Октябрь райондук сотунун алдында акция өткөрүп жатышат.
Алар соттон акыйкат өкүм чыгарып, Гапаровдун өлүмүнө айыптууларды жазалоону суранып жатышканын “Азаттык” радиосуна акциянын катышуучусу Айнагүл Ботоноева билдирди:
- Пара алган эмес. Ал жалган жалаа. Башына мүшөк кийгизилип өлтүрүлгөн. Анын баары далилденген.
Ботоноеванын айтымында, соттон акыйкаттыкты талап кылып 50дөй киши чыкты, арасында Гапаровдун Чоң-Алайдан келген туугандары да бар.
Гапаровдун адвокаты Динара Медетова буга чейин “Азаттык” радиосуна билдиргендей, бүгүн сот өкүмү чыгат. Прокуратура УКМКнын тергөөчүсүн төрт жылга, ал эми ыкчам кызматкерлерин бир жылга эркинен ажыратып, бирок өтүп кеткен мөөнөттү эске алып ишти кыскартууну сурап жатат.
Медетова мындай жазаны өтө жумшак деп эсептерин айтып, тергөөчүнү жети жылга, эки кызматкерди үч жылдан эркинен ажыратууну өтүнүүдө.
Бул иш боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын тергөөчүсү Замирбек Суваналиев "кызмат абалынан аша чапкан жана адамдын ден-соолугуна олуттуу зыян келтирип, өлүмгө жеткирген" деп, мекеменин ыкчам кызматкерлери Чыңгыз Айманбаев жана Алмаз Мусаев "шалаакылыкка жол берген" деп айыпталууда.
УКМК "Абдыкерим Гапаров 2016-жылы 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү кармап" каза болгонун жарыялаган. Бирок окуу жайдын жамааты жана маркумдун жакындары аны кармоодо жол-жоболор одоно бузулганын, операция учурунда анын иш бөлмөсү ичинен бекитилип, сырттан башкаларды киргизбей коюшканын, ошонун айынан адам өмүрү кыйылганын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылышкан.
Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы 2016-жылы февраль айында козгоп, тергеген. Прокуратура Гапаров пара алганы далилденген деп эсептейт. (BCh)