Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 06:50

АКШ Түндүк Корея боюнча турумун жумшартууда


Ким Чен Ын континент аралык баллистикалык ракета сыналган учурда. Сүрөттү Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги 30-ноябрда таратты.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Түндүк Корея менен анын өзөктүк программасы боюнча “алдын-ала шарт койбостон” сүйлөшүү баштоону сунуш кылды.

Бул - Кошмо Штаттардын мурдагы талаптарынан артка чегиниши.

АКШнын мамлекеттик катчысы бул билдирүүсүн Түндүк Кореяга акыркы алты жылда биринчи жолу Улуттар Уюмунун чабарманы барып келген соң жасады.

Вашингтон буга чейин сүйлөшүүлөр башталышы үчүн Пхеньяндан өзөктүк программасын токтотушун талап кылып жүргөн.

БУУнун саясий маселелер боюнча башкы өкүлү Жеффри Фелтмандын 12-декабрда айткандарына караганда, ал Пхеньянда өткөн аптада болгон иш сапары сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн шарт түзсө керек деген ишенимде турат.

Бирок Улуттар Уюмунун чабарманы Түндүк Кореянын расмий адамдары эч кандай убада беришпегенин да кошумчалады.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Вашингтондо иликтөө уюму болуп эсептелген Атлантика кеңешинде АКШнын Түндүк Корея боюнча көз карашы жумшарганын айтып жатып, андай өзгөрүүнү президент Дональд Трамп да колдогонун белгиледи.

Анткен менен Ак үй "Трамптын Түндүк Корея боюнча көз карашы өзгөргөн жок" деген билдирүү таратты.

Түндүк Корея быйыл эле жыйырмадан ашык ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын эки сыйра сынап, алтынчы ирет өзөктүк жардыруу да жасаган.

АКШ анын максаты Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу экенин айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG