Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Прокуратура Шыкмаматовго сегиз жыл сурады


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Прокуратура Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду сегиз жылга эркинен ажыратыш керек деп эсептейт. Ошондой эле көзөмөл органы "анын үй-мүлкүн мамлекетке чегерилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөсүн, андан кийин анын мамлекеттик кызматта иштешине үч жылга тыюу салынсын" деген өтүнүч келтирүүдө.

Шыкмаматовго козголгон ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Башкы прокуратура Шыкмаматов баштаган бир нече адамга быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон. Аларга "2011-жылы өз ара сүйлөшүп алып, кызматтык автоунаа сатып алыш үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.

Шыкмаматов аялы саткан автоунаанын баасы жогорулатылганы тууралуу айыптарды четке кагып, муну "саясий куугунтук" деп баалап келет. (NT)

XS
SM
MD
LG