Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

Эрдоган Иерусалимди Палестинанын борбору катары таанууга чакырды


Ислам кызматташтык уюмунун саммитинин катышуучулары. Стамбул, 13-декабрь, 2017-жыл.
Ислам кызматташтык уюмунун саммитинин катышуучулары. Стамбул, 13-декабрь, 2017-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Стамбулда, Ислам кызматташтык уюмунун саммитинин ачылышында ушундай чакырык таштады.

Ал дүйнө өлкөлөрүн АКШ эки бөлүнгөн шаарды Израилдин борбору деп тааныганына жооп катары “оккупацияланган Иерусалимди Палестинанын борбору” деп таанууга үндөдү.

Эрдоган ошондой эле Иерусалим мусулмандар үчүн “кызыл сызык” экенин айтып, алар “исламдын ыйык жайларына кандай агрессия болбосун” кабыл албасын да белгиледи.

Ошону менен катар Түркиянын президенти Израилди “террор өлкөсү” деп айыптады.

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас болсо саммитте "АКШнын акыркы кадамы менен анын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянга ортомчулук кыла турган ролу аягына чыкты" деген пикирин кайрадан билдирди.

Ислам кызматташтык уюмунун Түркия чакырган чукул саммитине Ирандын президенти Хассан Роухани, ооган президенти Ашраф Гани да катышууда.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, саммитке Кыргызстандан биринчи вице-премьер министри Аскарбек Шадиев барды.

Түркия бул саммитти АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимине карата мусулман мамлекеттеринин бирдиктүү мамилесин аныктоо максатында чакырган.

Трамптын 6-декабрдагы жарыясы АКШнын Европа менен Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөштөрүнүн сын-пикирлерин, мусулман дүйнөсүндө болсо нааразылыктарды жаратты. Палестин аймактарында анын чечими кагылышууларга түрткү болду.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өзүлөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрөт. Шаарды азыр толук Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын суверенитетин тааныган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG