Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Ооганстанда Гүленге байланышы бар мектептерге рейд жүргүзүлдү


Фетхулла Гүлен.
Фетхулла Гүлен.

Бул тууралуу Кабулдан түшкөн маалыматтарда айтылып жатат. Рейддер менен катар коопсуздук күчтөрү 12-декабрда ошол мектептердин бир ооган, үч түрк мугалимин да кармашкан.

Бул тууралуу Ооганстандагы түрк мектептерин башкарган уюмдун (ATCE) төрагасы Хаман Эрдоган билдирди. Ооганстандын расмий адамдары азырынча мектептерде жүргүзүлгөн рейд жана мугалимдердин кармалышы тууралуу комментарий бере элек.

Анкара болсо Ооганстандын бир нече шаарында түрк мектептерин башкарган уюм АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленге байланышы бар экенин айтып келет. Түрк бийлиги Гүленди "былтыркы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган" деп айыптаса, динаятчы өзү мындай дооматтарды четке каккан.

Фетхуллах Гүлендин диний жана социалдык кыймылы 160тай өлкөдө 2000дей билим берүү мекемесине ээлик кылат. Түркия аны менен байланышта деп эсептеген уюмдар менен топтордун ишин токтотууну былтыртан бери ондогон өлкөдөн талап кылган.

Маселен, Ооганстандын коңшусу Пакистан былтыр "ПакТүрк" жеке менчик мектептер түйүнүнүн ондогон түрк мугалимдерин депортациялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG