Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 00:28

“Чек арадагы талаштуу маселелер боюнча биз алдыга жылдык деп ойлойм”, - деди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда.

- Албетте президенттин эрки керек болгон маселелер бар. Менимче, ал бизде бар. Биз бир жылда чек аранын 85 пайызын аныктап койдук. Бул башталышы гана. Акырындык менен чечебиз. Биз эл эмнени кааласа, ошону кылып жатабыз. Алар бардык жакшы нерсени эртең эмес бүгүн көргүсү келип жатат ”, - деди Мирзиеёв.

Өз кезегинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга чакырып, жылуу кабыл алганы үчүн Мирзиёевге ыраазычылык билдирип, экс-президент Алмазбек Атамбаев ыйгарган “Данакер” орденин тапшырды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 85 пайызы такталган. Калган 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеванын буга чейин айтканына караганда, расмий сапар учурунда чек ара маселеси боюнча сүйлөшүү болот, бирок бул багытта документтерге кол коюлбайт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG