Бүгүн, 13-декабрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында өзбек мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, соңунда бир катар документтерге кол коюлду. Алар: Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн 2018-2021-жылдары экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча программа,
- Эки өлкөнүн Улуттук илимдер академияларынын илим-техникалык кызматташтыгы;
- Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Өзбекстан жаштар бирлигинин төрагасынын өз ара түшүнүшүү боюнча меморандуму;
- Кыргызстан менен Өзбекстандын профсоюздар федерациясынын президенттеринин кызматташуу боюнча макулдашуусу;
- Кыргызстан менен Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлеринин 2018-жылы кызматташуусу боюнча келишим;
- Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын бажы комитетинин жеңилдетилген бажы коридорун түзүү боюнча макулдашуу.
Жээнбеков расмий иш-сапарынын алкагында эртең, 14-декабрда премьер-министр Абдулла Арипов, парламент спикери менен жолугат. (КЕ/ZB)