Бийликтер 27 жаштагы Акаид Уллага каршы далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.
Теги боюнча бангладештик бул иммигрант 11-декабрь күнү Нью-Йорктун метросунда бомбасын жарым-жартылай жардырып, үч адамды жарадар кылганы үчүн камакка алынган.
Ал жанкечтиликке барууга аракеттенип, бирок бомбасы толук жарылган эмес, өзүнүн колу жана денеси күйгөн.
Акаид Улла террористтик топко материалдык колдоо көргөзүп, массалык кыргын салуучу куралды колдонгон деп айыпталууда.
Эгер сотто да күнөөлүү деп табылса, өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн.
Ага каршы айыптоо корутундусуна Акаид Улла сурак учурунда кылмышка “Ислам мамлекеттик” экстремисттик тобу үчүн барганын айтканы жазылган.
Ал документте тергөөчүлөр Акаид Улланын Нью-Йорктун Бруклин районундагы батирин тинтүү учурунда “Америка жаалданып жатып өлүп кет” деген кол жазмасы бар паспортту табышканы көрсөтүлгөн.
Расмий өкүлдөр Улла 11-декабрда, эртең менен теракт жасоо аракети алдында, Фейсбуктагы баракчасында“ Трамп сен өлкөңдү коргой алган жоксуң” деген пост калтырганын да билдиришкен. (UE)