Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 11:59

Украинага ЕБдин каржылык жардамынын үчүнчү бөлүгү берилбейт


Украина президенти Петро Порошенко Европа кеңешинин президенти Дональд Туск менен. Брюссель, 24-ноябрь, 2017-жыл.

Евробримдиктин Украинадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Киевден 13-декабрда жарыялагандай, бул украин өкмөтү биримдиктин айрым талаптарын аткара албаганына байланыштуу болду.

Хьюг Мингареллинин айтымында, Украина ЕБдин каржылык жардамынын 600 миллион евро өлчөмүндөгү үчүнчү траншы берилиши үчүн талап кылынган 21 шарттын 17син гана аткара алган.

Ал ошондой эле Еврокомиссия Украинанын тышкы каржылык жардамга муктаждыгын алдыда айларда дагы бир сыйра карай турганын да кошумчалады.

Евробиримдиктин 2018-жылдын январында аяктай турган программасы боюнча Украинага 1,8 миллиард евро каржылык жардам көргөзүлмөк. Киев буга чейин анын 1,2 миллиард евросун алган.

Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы Украина аткара албаган төрт талаптын катарында коррупцияга каршы күрөштү да атады.(UE)

XS
SM
MD
LG