Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Саясий куугунтукту токтотуу талабы коюлган жыйын өтөт


Камактагылардын акталышын талап кылган акциялардын бири. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алды.
Камактагылардын акталышын талап кылган акциялардын бири. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алды.

Бугүн Бишкекте коомдук, саясий ишмерлер, жарандык активисттер Бишкекте жарандык форум өткөрөт. Анда саясий куугунтукту токтотуу тууралуу талаптар айтылат.

Бул тууралуу "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Соңку кезде саясатчыларга козголгон кылмыш иштер, андагы колдонулган беренелер боюнча юристтер, адистер өз оюн билдирет. Форумдун соңунда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдонуп, резолюция кабыл алынат.

- Эки жылдан бери мыйзамсыз жолго түшүп, өз кызыкчылыгы үчүн түрмөдө кармап турушат. "Бийликти кулатам деген оюң бар экен" деп эле камап жатышпайбы. "Болгон иш болду, ушундай оор жүктү, акыйкатсыз иштерди мойнуңузга илбей, бул суроого өзүңүз жооп табыңыз" деп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу болот.

13-ноябрда Бишкек шаардык соту "Элдик парламент" кыймылынын беш мүчөсүнө карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Райондук сот бул уюмдун жетекчиси, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков менен активист Төрөбай Колубаевди 14 жылга кескен, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановду 10 жылга эркинен ажыраткан. Мурдагы депутат Тойгонбек Калматов жана полковник Александр Гусев алты жылга шарттуу кесилип, үй камагында калган.

"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү 2016-жылдын майында "бийликти басып алууга ниеттенди" деген айып менен кармалган.

Ага чейин райондук сот ушундай эле айып менен былтыр мартта камакка алынган мурдагы депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга, эркин эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга, ал эми мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп жүрүшөт. Эки сот тең башынан аягына чейин жабык өттү.

Президенттик шайлоонун алдында "бийликти басып алууну пландады" депген шектенүү менен Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев камалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG