Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 08:41

Бишкекте Молдо Кылычтын 150 жылдык мааракеси белгиленет


Улуттук филармония.

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда илимпоз-окумуштуулардын катышуусунда жазма акын жана ойчул Молдо Кылычтын 150 жылдык мааракесине арналган жыйын өтөт. Бул тууралуу иш-чараны өткөрүү боюнча демилгечилер тобунун мүчөсү, Молдо Кылычтын урпагы Нурлан Кожогулов “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Мааракелик жыйында акындын быйыл жарык көргөн чыгармалар жыйнагынын бет ачары өтүп, өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө сөз болот. Ал жашап кеткен доор тууралуу тартылган видео тасма көрсөтүлөт. Мындан сырткары, Молдо Кылычтын чыгармачылыгын, аны изилдеген илимпоз Тазабек Саманчиндин өмүрү жөнүндө кыска пролог тартууланат.

Молдо Кылыч Шамыкан уулунун (Шамыркан уулу - 1866-1917) 150 жылдык мааракеси Кыргызстанда кеңири белгиленүүдө. Анын ысымы Кочкор районундагы орто мектептердин бирине ыйгарылган.

Акындын "Зар заман”, “Азаматтар”, “Сапар” санаттары, “Байтайлак” кошогу жамы журтка белгилүү. Бул чыгармалар тоталитардык идеологиянын кодулоосуна кабылып, узак жылдарга «кара сандыкка» жабылган. Акындын чыгармачылыгы жөнүндө 40-жылдары илимий эмгек жазган окумуштуу Тазабек Саманчин «Улутчул», «Космополит» катары куугунтукка алынган.

Молдо Кылычтын адабий мурастары демократиялык жаңылануу жылдарында элге кайрылып келди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG