Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:40

2017-жылы 262 журналист куугунтукка кабылган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Журналисттерди коргоо комитети (CJP) 2017-жылы 262 журналист куугунтукка кабылганын жарыялады. Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Уюмдун маалыматы боюнча куугунтукка биринчи кезекте саясий окуяларды чагылдырган кабарчылар кабылган.

Журналисттик ишине байланыштуу беш киши Орусияда, бир киши Украинада, экөө – Казакстанда, төртөө – Өзбекстанда, он киши Азербайжанда жана бирөө Кыргызстандагы түрмөдө отурат. Эң эле көп журналист Түркияда камалып, бул өлкөдө 73 журналист темир тор артында отурат.

Уюм "Кыргызстанда журналист жана укук коргоочу Азимжан Аскаров абакта отурат" деп белгилеген. Ал "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган, милиция кызматкерин өлтүргөн" деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Аскаров айыптоолорду четке каккан. БУУ жана эл аралык башка уюмдар, анын ичинде "Human Rights Watch" бийликтен аны бошотууну суранып келет.

Казакстанда Журналисттер биримдигинин мурдагы төрагасы Сейтказы Матаев жана анын уулу Асет камалган. Алар мамлекеттик каражатты уурдоо боюнча айыпталышкан. 2017-жылы декабрда Сейтказы Матаев эркиндикке чыккан.

Түркмөнстанда 2015-жылы "Азаттык" радиосу менен кызматташкан журналист Сапармаммет Непескулиев тыюу салынган дары каражаттарын сактоо боюнча күнөөлөнүп, үч жылга соттолгон. Азыр анын тагдыры белгисиз. Өзбекстанда журналисттер жана укук коргоочулар Бобомурод Абдулаев, Дильмурод Саид, Хаётхан Насреддинов жана Юсуф Рузимурадов түрмөдө отурат.

Журналисттерди коргоо комитети Орусияда "Новая газетанын" штаттан тышкаркы кабарчысы, өзбекстандык Али Феруз менен украин журналисти Роман Сущенко куугунтукка кабылганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG