Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Прокуратура көп кабат үйдүн курулушунан мыйзам бузууларды тапты


Бишкектеги ураган курулуш. 23-октябрь, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги ураган курулуш. 23-октябрь, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен "Бишкекархитектура" ишканасынын кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматка караганда, прокуратура архитектура-курулуш талаптарынын, ар кандай объектилерди курууда жер мыйзамынын сакталышын текшерген. Анын жүрүшүндө 2014-жылдын апрелинен тартып 2016-жылга чейин Бишкектин Ауэзов 6/1 дарегинде жайгашкан алты кабат турак жайды курууда мыйзам бузуу фактылары табылган.

Имарат курулуп жаткан объектилердин тизмесине катталган эмес. Курулуш ишин жүргүзүүдө "эрежелер бузулган жана мүчүлүштүктөргө жол берилген, көп кабат үйдүн курулушу уруксат берүүчү документи жок аяктаган" деген негизде "Бишкекархитектура" жана Экотехинспекциянын жооптуу адамдары "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деп шек саналууда.

Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш иши Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Аталган мекемелер башкы көзөмөл органынын маалыматына комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG