Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:40

Депутат Акматов: Өкмөттөн үй алгандарга электр үчүн жеңилдик берилсин


Иллюстрациялык сүрөт.

Бюджеттик мекемеде иштегендер үчүн өкмөт бекер куруп берген үйлөрдүн тургундарына электр энергиясы боюнча жеңилдиктер берилиши керек. Мындай сунушун бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Акматов айтып чыкты.

Депутаттын сөзүно караганда, бул турак үйлөр бетон панелинен тургузулуп жаткандыктан батирин жылытыш үчүн тургундар электр жылыткычтарын колдонууга аргасыз болот:

- Бул үйлөрдү жылытыш үчүн ээлери 700 киловаттан ашык электр тогун сарпташат экен. Ашыгы үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп жатышыптыр. Бул үйлөрдө борбордук жылытуу жок. Үй ээлеринде электр тогунан башка альтернатива да жок. Мамлекеттик бюджеттен алган айлыгы абдан аз.

Акматов кайсы үйлөр тууралуу кеп болуп жатканын тактаган жок, бирок бул тургундар үчүн электр энергиясынын баасын 700 киловаттан ашса да 77 тыйын кылып берүү керек деп эсептей турганын айтты.

Жыйынга катышкан өкмөт өкүлү депутаттын бул сунушуна азырынча жооп берген жок.

Быйыл ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев милиция кызматкерлерине батир тапшырып жатып, күч органдарында иштегендер үчүн дагы 32 көп кабаттуу үй курулуп жатканын айткан.

Расмий маалыматка караганда, соңку эки жылда аскер жана күч кызматкерлери үчүн жалпысынан 69 турак жай курулуп, 220 үй-бүлө турак жайлуу болду. Учурда курулуп жаткан жаңы үйлөрдө 1545 батир болот.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы калк үчүн 1 киловатт/саатка 77 тыйын. Эгер 700 киловатт/сааттан ашса 2,16 тыйындан төлөнөт. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG