Түркияда кыргызстандык келин 12 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечим 13-декабрда Анталиянын Манавгат райондук 1-сотунда чыкканын “Азаттык” радиосунун Түркиядагы кабарчысы маалымдады.
34 жаштагы кыргызстандык 31 жаштагы түрк жаранын бычак менен сайып өлтүргөн деген шек боюнча кармалган.
Окуя быйыл март айында Манавгат районунда болгон. Сотто айтылгандай, кыргызстандык келин түрк досунун унаа оңдогон устаканасына келген. Чогуу тамактангандан кийин экөөнүн ортосунда чыр чыгып, келин столдогу бычак менен Түркиянын жаранын бир канча жолу сайган. Күбөлөр полицияга кабар берип, ишти Манавгат райондук прокуратурасы тергеген.
Түркияда расмий каттоодон өткөн кыргызстандыктардын саны 19 миңге жакын. Бирок каттоодон өтпөй, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттар андан көп. Анталия аймагында эле алты миңден ашык кыргызстандык эмгек мигранты бар экени айтылып жүрөт. (ElB)