Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

"Айкөл Ала-Тоо" Данияр Үсөновду Кыргызстанга кайтарууну талап кылды


Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдындагы акция.
Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдындагы акция.

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин 20дан ашык мүчөсү бүгүн Беларус Республикасынын Бишкектеги элчилигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар "Ууру түрмөдө отурушу керек!" деген жазууларды көтөрүп, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Кыргызстанга кайтарууну талап кылышты.

Чогулгандар менен жолугушууга элчиликтен эч ким чыккан жок. Акциянын катышуучулары Беларус президенти Александр Лукашенкого багытталган кайрылууну элчиликке таштап кетишкенин "Азаттык" радиосуна маалымдашты. Анда 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында жабыркаган жарандар жана каза тапкандардын үй-бүлөлөрү Данияр Үсөнов - Даниил Урицкийди кайтарып берүүнү өтүнөрү жазылган.

2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин өкмөттү жетектеген Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Анын жүргөн жери тууралуу так маалыматтар жок. "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин активисттери ал Беларуста деп эсептешет.

Үсөнов апрель окуялары боюнча айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. (NT)

Данияр Үсөновду өлкөгө кайтаруу талап кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

XS
SM
MD
LG