Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Медакадемия кызматкеринин өлүмү боюнча айыпталгандар акталды


Маркум Абдыкерим Гапаров.
Маркум Абдыкерим Гапаров.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мурдагы аппарат жетекчиси, маркум Абдыкерим Гапаровдун жакындары сот өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын билдиришти.

Кечээ Бишкектин Октябрь райондук соту анын өлүмүнө шектүү үч адамды актаган өкүм чыгарган болчу.

Бул иш боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын тергөөчүсү Замирбек Суваналиев "кызмат абалынан аша чапкан жана адамдын ден-соолугуна олуттуу зыян келтирип, өлүмгө жеткирген" деп, мекеменин ыкчам кызматкерлери Чыңгыз Айманбаев жана Алмаз Мусаев "шалаакылыкка жол берген" деп айыпталып жаткан.

УКМК "Абдыкерим Гапаров 2016-жылы 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү кармап" каза болгонун жарыялаган. Бирок окуу жайдын жамааты жана маркумдун жакындары аны кармоодо жол-жоболор одоно бузулганын, операция учурунда анын иш бөлмөсү ичинен бекитилип, сырттан башкаларды киргизбей коюшканын, ошонун айынан адам өмүрү кыйылганын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылышкан.

Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы 2016-жылы февраль айында козгоп, тергеген. Туугандары ал пара албаганын айтып, УКМК кызматкерлерин эркинен ажыратууну талап кылып жатышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG