Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

БУУнун чабарманы Орусияны Сирия өкмөтүнө таасир этүүгө үндөдү


Стеффан де Мистура.
Стеффан де Мистура.

Стеффан де Мистура Орусиядан Сирия өкмөтүн оппозиция менен мунасага жетишүүгө көндүрүүнү суранып, болбосо бул өлкө өз ара бөлүнүп кетиши ыктымал экенин эскертти.

13-декабрдагы кайрылуусунда Улуттар Уюмунун Сирия боюнча чабарманы орус президенти Владимир Путинди чечкиндүү адам катары мактап, ага өтүнүч менен кайрылды.

- Сиз аймакта аскердик жактан жеңишке жетиштим деп ойлосоңуз болот, бирок сиз тынчтыкка да жетишиңиз керек. Ал үчүн өкмөттү Улуттар Уюму аркылуу жаңы конституция кабыл алып, жаңы шайлоо өткөрүүгө көндүрүп, эрдик жасашыңыз керек, - деди де-Мистура.

11-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Сирияга барып, бул өлкөдө "Ислам мамлекети" тобу жеңилгенин айтып, өз аскерлеринин орчундуу бөлүгүн чыгарарын айткан.

Жети жылга созулган жарандык согуштан Сирияда 340 миңдей адам өлүп, 11 миллионго жакыны үй-жайын таштай качты.

Чатакты жөнгө салуу боюнча Астанада жана БУУнун көмөгү менен Женевада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн азырынча натыйжа чыга элек. Оппозиция президент Башар Асаддын кызматтан кетишин талап кылууда. Жакында эле жеңишке жетишкенин айткан Асад кызматтан кетпесин билдирип жатат. Ушу тапта анын өкмөтү өлкөнүн 55% көзөмөлдөп турганы айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG