Орусиянын президенти Владимир Путин алдыдагы шайлоого катышарын 14-декабрдагы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында ырастады.
- Бул өзүн өзү көрсөтүү болот. Бирок албетте, мага ишенген, өлкөнү өнүктүрүү боюнча көз карашымды жактаган партия же уюмдардын колдоосуна үмүтүм чоң, - деди Путин.
Орусиянын конституциясына ылайык, президенттик кызматка бир адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт. 65 жаштагы Владимир Путин өз өлкөсүн 2000-2008-жылдары президент катары башкарган. Ортодо төрт жыл өкмөт башчы болгон соң 2012-жылы кайрадан президенттикке келген. Ошондон тартып президенттиктин убактысы 6 жылдан эки мөөнөт болуп өзгөртүлгөн.
2018-жылдын мартында Путин жеңип чыкса Орусияны 2024-жылга чейин башкарса болот.
Кремлге сын таккандар Путин өлкөдө жеке бийлигин орнотуп, саясий атаандаштыкка жол бербей келатканын айтышат. Айрымдар "Ельцин менен Медведевдин учурунда чын-чынында бийлик анын колунда болгон" дешип, аларды кошкондо Леонид Брежневден да узак өлкө жетекчиси болгонун эсептеп чыгышкан.