Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапары бүгүн аяктап, мамлекет башчы жетектеген делегация Бишкекке кайтып келди. Бүгүн Жээнбеков Ташкентте өзбек премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгын тереңдетүүнү талкуулашты. Анда Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу достук маанайында өткөндүгүн белгиледи.
- Өзбекстандын президенти Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш райондорунун акимдеринин жолугушуусун демилгелегенине кубанычтамын. Транспорттук-логистикалык тармакта долбоорлор активдүү жылып жатат. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык тармакта пайдаланылбай жаткан зор мүмкүнчүлүктөр бар,- деди Жээнбеков.
Өз кезегинде Абдулла Арипов “Өзбекстандын өкмөтү өлкөлөр ортосунда кызматташууну тереңдетүүгө бекем турат" деди. Анын айтымында, 2017-жылдын 25-декабрында Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча эки өлкөнүн жумуш топторунун жолугушуусу болот.
Жээнбеков менен Ариповдун сүйлөшүүсүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуучу транспорттук байланышты өнүктүрүү жана колдоо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын Өзбекстандын аймактары менен байланыштырган каттамдарды кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканы белгилүү болду. Ошону менен бирге эки өлкө шаарларынын ортосунда авиа каттамдарды кайра жандандыруу маселеси козголду.
Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанда 13-14-декабрда расмий сапар менен болду. (NT)