Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Путин оппозициячы Навальныйды Саакашвилиге салыштырды


Путиндин маалымат жыйыны.
Путиндин маалымат жыйыны.

Орусиянын президенти Владимир Путин оппозициячы Алексей Навальныйды "орусиялык Саакашвили" деп атады. Бул Ксения Собчактын: "Эмне үчүн Навальный жана башка сынчыл саясатчылар келаткан шайлоого катыштырылбайт?" деген суроосуна анын жообу болду.

- Сиз айтып өткөн персонаж боюнча, сиз эмне, биздин аянттарда ондогон Саакашвилилер чуркап жүршүн каалайсызбы? Сиз айткандар ошол эле Саакашвилилер, болгону орусиялык, - деген Путин атайылап эле Навальныйдын атын атаган жок.

Ал ошондой эле: "Бир Майдандан экинчисине чейин бушайман түшүп отурушубузду, бизде мамлекеттик төңкөрүш аракети болушун каалайсызбы?" деп журналист Собчактын өзүнө суроолуу тигилди.

Путин 2014-жылы бийлик төңкөрүшүнө алып келген Украинадагы Майдан окуяларын эске алууда. Ушу тапта да Киевде теги грузин саясатчы Михаил Саакашвили баштаган нааразы жарандар президенттин кызматтан кетишин талап кылууда.

Ал эми Алексей Навальный БШК "катталбайт" дегенине карабай шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирип, бир жылдан ашуун убактан бери үгүт жүргүзүп келет. Путин да, Собчак да 2018-жылдын мартындагы шайлоого барарын билдиришкен.

Бүгүн президент жыл жыйынтыктарын чыгарган маалымат жыйынын өткөрдү.

XS
SM
MD
LG