Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 07:09

Грециялыктар жапырт иш таштап, жүрүшкө чыгышты


Борбор Афиныдагы нааразылык жүрүшүнө чыккандар

Грециялыктар жапырт иш таштап, мындан улам өлкөдө коомдук транспорт, поезд, суу жана аба каттамдары үзгүлтүккө учурады. Айрым мамлекеттик мекемелер дагы жабык болду. Иш таштоону өлкөдөгү ири профсоюз уюмдары уюштурган.

Нааразылар ашкере үнөмдөө саясатына жана реформаларга каршылык билдиришүүдө. Жүрүшкө чыккан бир нече миң киши ушул күндөрү эмки жылдын бюджетин талкуулап жаткан парламенттин алдына келишти.

- Жегенге эчтекебиз жок. Дагы эмнебизди тартып алышмакчы? Иш жок, пенсия төлөнбөйт. Эч нерсе жок. Тиги-буга төлөп эле жашап калдык. Бирок бийлик кантип төлөштү айтпай жатпайбы. Ага каражатты кайдан алабыз?, - деп ачууланды пенсионер Яннис Гогулис.

Европалык башка өнөктөштөрүнөн каржылык жардам алуу келишиминин алкагында грек өкмөтү социалдык чыгымдарын, пенсияны кыскартып, мамлекеттик секторду реформалап, профсоюздар үчүн иш таштоо шарттарын оорлотууга макул болгон.

300 млрд долларга жеткен карызын төлөш үчүн өлкө 8 жылдан бери экономикалык каатчылыкта жашап жатат. Ашкере үнөмчүл саясаттан улам жүз миңдеген адам жумушсуз калды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG