Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Британияда ымыркайдын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалды


Британиялык догдурлар уникалдуу операция жасап, жүрөгү денесинин сыртында жайгашкан ымыркайды аман алып калышты. Ванилопа Хоуп Вилкинс аттуу ымыркай эктопия деген сейрек патология менен төрөлгөн. Бардыгы жакшы болуп сакайса, ал Британияда мындай дарт менен жашап кеткен алгачкы наристе болуп калмакчы.

Кардиологдорго ымыркайдын өмүрү үчүн төрөлгөн күнүнөн баштап күрөшүүгө туура келди. Үч жумада ага үч операция жасалды.

Падышалыктын тарыхында алгачкы жолу дарыгерлер көкүрөктүн сыртында жайгашкан жүрөктү ордуна кайтара алышты. Эми ички органдарды жакшы коргоо үчүн наристенин сөөктөрүн калыбына келтирүү зарыл.

- Жүрөктү коргоонун ар кандай жолдору бар. Үч мерчемдүү принтерден бир жабдык басып чыгарышыбыз мүмкүн. Пластик же органикалык материалдан бала менен чогуу өскүдөй кылып бир нерсе ойлоп тапса болот, - деди кардиолог Францис Буллок.

Мындай мандем менен дүйнөдө миллиондон 8 ымыркай гана төрөлөт экен. Алардын 90% үч күнгө жетпей чарчап калат. АКШда бир нече андай наристе операциядан кийин аман калган. Алардын бири - 2012-жылы ноябрда Техаста төрөлгөн Одрина Карденас.

XS
SM
MD
LG